03:52
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Инсталляцияны сүзүп качып кеткен айдоочу өзү келди

Бишкекте Чүй проспектисинде жайгашкан инсталляцияны унаасы менен сүзүп качып кеткен айдоочу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгына өзү келди. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21 жаштагы айдоочу башкармалыкка өз эрки менен келген. Унаасы айып төлөөчү жайга киргизилди.

Эске салсак, 19-июнда саат 22:00дө белгисиз айдоочу инсталляция орун алган жердеги тосмону сүзүп, окуя болгон аймактан качып кеткен. 

Эң көп окулган жаңылыктар