18:47
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чүй-Манас кең көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан инсталляция бузулду

Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен Чүй-Манас кең көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан инсталляция бузулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-июнда саат 22:00дө белгисиз айдоочу инсталляция орун алган жердеги тосмону сүзүп, окуя болгон аймактан качып кеткен. ЖКККББнын кызматкерлери күнөөкөрдү табуу үчүн видеокөзөмөлдү карап чыгат.

Сынган тосмону «Тазалыктын» кызматкерлери ондоо үчүн алып кетишти. Бүгүн кайрадан орнотулат.

Эң көп окулган жаңылыктар