11:10
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

«Кыргыз почтасы» «Лада» үлгүсүндөгү 18 унаага ээ болду

«Кыргыз почтасы» «Лада» үлгүсүндөгү 18 унаага ээ болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Республиканын бардык аймагы боюнча почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу» үчүн арналган унаа тапшыруу аземине катышты. Ал билдиргендей, Кыргызстан 1993-жылдын 26-январынан баштап Дүйнөлүк почта уюумунун толук укуктуу мүчөсү болуп саналат, анын максаты — почта кардарларын сапаттуу тейлөө, планетанын бардык жашоочуларынын ортосунда байланыштарды өнүктүрүү жана аракеттешүү.

««Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында 922 көп тармактуу объект иштейт, анда калкты тейлөө боюнча 363 маалыматтык киоск жайгашкан. Алар иштеген мезгилде 2017-жылдын аягынан бери 505 миң 460дан ашуун ар түрдүү багыттагы кайрылуулар келип түшкөн. Санариптештирүүнүн алкагында 363 маалыматтык киосктун ачылышы калкты тейлөө иштерин кыйла жакшыртты», — деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр «Кыргыз почтасы» социалдык төлөмдөр боюнча кызмат көрсөткөн жалгыз оператор болуп саналаарын айтты. Дүйнөлүк почта уюму тарабынан «Кыргыз Республикасынын аймагына почталарды жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу» боюнча долбоору колдоого алынып, уюм 120 миң АКШ долларын бөлгөн, анын алкагында «Кыргыз почтасы» үчүн «Лада» үлгүсүндөгү 18 унаа сатылып алынды.