03:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бул жылы чарбакер субъекттер республикалык бюджетке 2,2 миллиард сом кайтарышты

2019-жылдын январь-май айларында бюджеттик насыяларды кайтаруу 2 миллиард 202,50 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайтарылган каражаттын ичинде негизги карыз боюнча-1 миллиард 490,83 миллион сом, пайыздар жана айыптар боюнча — 711,67 миллион сомду түздү.

2019-жылы бюджеттик насыялар боюнча чарбакер субъекттердин карызын 3 миллиард 496,76 миллион сомду кайтаруу божомолдонгон, анын ичинен:

— негизги карыз боюнча — 2 миллиард 547,44 миллион сом;

— пайыздар жана айыптар боюнча — 949,32 миллион сом.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума