15-16-күндөрү «Чалдыбар-автодорожный» өткөрүү пунктунан 6 миллион сомдук аткезчилик жүгү аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-июнда «Чалдыбар-автодорожный» өткөрүү пунктунан Mercеdes Sprinter унаасын токтотушкан. Аны Казакстандын жараны башкарып жүргөн. Текшерүү маалында тиешелүү документтери жана акциздик маркалары жок болуп чыкты.
Кийинки күнү ошол эле өткөрүү пунктунан Казакстандан Neoplan автобусу келген. Текшерүү маалында багаждан документи жок кеңсе товарлары менен унаанын тетиктери чыккан.

