Бишкекте Кытай Эл Республикасынын борбордук опера театрынын «Манас» операсы коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитинин алкагында 11-12- июнь күндөрү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында «Манас» операсы коюлат. Чыгармачылык топ Кыргызстанга 10-июнда келээри пландаштырылууда. Кыргыз сахнасында операны коюуга 200дөн ашык артист катышары күтүлүүдө.Маалым болгондой, «Манас» эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн. Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлгөн.
Эске салсак, «Манас» операсы Кытайда 9 жолу коюлган.