03:59
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Орок айылындагы башаламандыкты уюштурууга шектелген депутат кармалды

Орок айылындагы башаламандыкты уюштурууга жергиликтүү кеңештин депутаты шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылыч Боркоевди милиция кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске салсак, 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар