Кыргызстанда бир катар жаңы аба каттамдары ачылат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Qazaq Air авиакомпаниясы 7-июндан тарта Алматы-Ош -Алматы багытында жумасына эки жолу (жума, жекшемби күндөрү) каттай баштайт. Эске салсак, аталган авиакомпания 5-апрелден бери Алматы-Бишкек-Алматы каттамы боюнча жумасына эки ирет каттап баштаган.
Ал эми Air Arabia авиакомпаниясы 2-июлдан баштап Шарджа -Бишкек-Шарджа багытында учу баштайт. Ал жумасына 4 жолу — шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт.
«Өзбек аба каттамдары» авиакомпаниясы 27-июндан тарта Ташкент-Тамчы-Ташкент каттамын ишке ашырат. Учактар чартердик негизде жекшемби күндөрүгана каттайт.
«Атлас Глобал» авиакомпаниясы 10-июндан тарта Анталия-Бишкек-Анталия каттамын ишке ашырмакчы.

