19:02
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Самаркандда үйүн түрттүрүүгө каршы чыккан жаран өзүнө өрт койду

18-майда Самарканд облусунун тургуну, үч баланын атасы жер-кадастр ишканасынын кызматкерлеринин көзүнчө бензин чачып, өзүн өрттөдү. Ал алган күйүгүнүн кесепетинен ооруканада көз жумду.

Өрттү өчүрүүгө аракет жасаган 60 жаштагы энеси ооруканада.

Күбөлөрдүн айтымында, 18-майда жер-кадастр ишканасынын үч кызматкери маркумдун турак жайын түрттүрүү үчүн анын үйүнө келген. Ага чейин ал үйүн мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү түзүмдөргө керектүү документтерди тапшырган. Бирок мамлекеттик органдар ага уруксат беришкен эмес. Мындан соң ал каршылык көрсөтүү үчүн өзүнө кол салган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жер-кадастр мекемесинин кызматкерлери анын үйүн түрттүрүү үчүн эмес, кайрылуусун иликтөө үчүн барышканын, ошол маалда ал өзүнө өрт койгонун маалымдады.

Республикалык ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 33 жаштагы киши оор күйүк алгандыктан, аны сактап калууга мүмкүн болбогонун билдирди.

Башкы прокуратура өзүн-өзү өрттөө фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Маркум ишкерлик менен алектенген, артында үч баласы калды.

Эң көп окулган жаңылыктар