Түркия кыргызстандык жарандардын акысыз дарылануусу үчүн квотанын санын көбөйттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, кошумча квота бөлүп берүү тууралуу келишимге эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлери Космосбек Чолпонбаев менен Фахреддин Коджа кол коюшту.
Квотанын саны 50 орунга көбөйдү. Аны Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги бөлүштүрөт. Жалпысынан 150 жаран акысыз дарылана алышат.