Бишкектеги Тыныстанов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, үч киши жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Кырсык 16-майга караган түнү болгон.
Маалыматка ылайык, «Toyota Wish» менен «Toyota Estima» унаалары сүзүшкөн. Кесепетинен экинчи унаа оодарылып, анын ичинде бараткан эки жүргүнчү менен айдоочу ар кандай жаракаттарды алышкан.