19:44
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Салайдин Авазовдун пенсиясынан соттолгондугу тууралуу чечимди алып салууну айтты

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭбин модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Сотко Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Бүгүн «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башкы директору Салайдин Авазовдун жактоочусу соттолуучунун пенсиясынан соттолгондугу тууралуу чечимди алып салууну өтүндү.

«Соттолуучунун жашаган жери боюнча анын 5 баласы жана жубайы жашайт, алардын 3өө жашы жете элек жеткинчектер. Улуттук статистикалык комитеттин схемасы боюнча алар 31 миң сомго жашашы керек. Ал эми Салайдин Авазовдун пенсиясы 25 миң сомду түзөт, бул каражатка жашоого мүмкүн эмес. Соттолучунун пенсиясынан соттолгондугу тууралуу чечимди алып салууну өтүнөм», -деди ал.

Бирок, судья өтүнүчтү канааттандырган жок. Айтымында, Салайдин Авазовдун үйүндө 3 гана жеткинчек бар, калгандары 18 жаштан жогору. Андыктан алар иштей алышат.

«Сот каражатты берүүнү көзөмөлдөй албайт. Мен алардын 25 сомдук пенсияга гана жашап жатканына күмөнүм бар. мындан улам өтүнүч кабыл алынбайт», -деди судья.

Эске салсак, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов, мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаевге жемкордук беренеси тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар