09:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Билим берүү жана илим министрлигине карата ишеним индекси 28 пайызды түздү

Билим берүү жана илим министрлигине карата ишеним индекси 28 пайызды түздү. Бул тууралуу министр Гүлмира Кудайбердиева Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин отурумунда билдирди.

Ал билдиргендей, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2016-жылы аталган министрликке карата ишеним индекси 16,4 пайызды түзгөн. Ал министрликке 2016-жылдын ноябрында келгенин дагы айтты.

Гүлмира Кудайбердиева министрлик жемкорлук менен тыкыр күрөшүп келгенин айтып, балдар бакчасына жана орто мектептерге электрондук кезек киргизилгенин мисал катары келтирди.

Эң көп окулган жаңылыктар