06:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыргандардын саны 497 миң 934кө жетти

14-майга карата Бирдиктүү салык декларациясын тапшыргандардын саны 497 миң 934кө жетти. Бул тууралуу маалымат жыйында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова айтты.

Анын маалыматы боюнча, бул жылы былтыркыга салыштырмалуу 23 миң 683 декларацияга көп. Быйыл декларация тапшыргандардын арасынан 58 миң 323 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 45 миң 452 уюм, 214 миң 38 жеке ишкерлер.

Бирдиктүү салык декларациясын 130 миң 453 жеке жактар, дыйкан жана фермердик чарбалар, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк ээлери тапшырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар