Жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1 миң 135 эне «Баатыр эне» ордени менен сыйланат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков «Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө» жана «Республиканын көп балалуу энелерин «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө» жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 470 эне — «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.