Кечээ Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, 2 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа менен «Тойота Камри» унаасы кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен «Тойота Камридеги» 1996-жылы туулган С.Ж. аттуу жигит менен 1965-жылы туулган К.А. аттуу аял жабыркаган. Алар тез жардам унаасы менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилди.

