00:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жеңиш күнү бир катар көчөлөргө чектөө киргизилет

Бишкекте «Өлбөс полк» акциясы менен Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгында бир катар көчөлөргө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жөө жүрүштүн катышуучулары Масалиев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде саат 09:00дө чогулушат. Саат 10:00дө Абдрахманов көчөсү, андан ары Фрунзе менен жөө басып, «Жеңиш» аянтына чогулушат.

Билдирүүго таянсак, саат 09:00дөн тарта төмөнкү көчөлөрдүн бир бөлүгү жабылат:

Токомбаев көчөсүнүн Абрахманов («Жеңиш» паркы) менен кесилишкен бөлүгүнө чейин;

Абдрахманов көчөсүнүн Токомбаевден Фрунзеге чейинки бөлүгү;

Фрунзе көчөсүнүн Шопоковго чейинки бөлүгү.

Ошондой эле Шопоков, Фрунзе, Ибраимов көчөлөрү менен Чүй проспектиси менен чектешкен аймакка дагы чектөө киргизилет.




Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума