19:53
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Дени сак жана бактылуу жашоо. Күнүмдүк турмушка керектүү маанилүү кеңештер

Курчап турган айлана-чөйрө менен гармонияда болуу -жашооңузду жакшы жагына өзгөртүшү мүмкүн. Бул ирет 24.kg агенттиги дени сак жана бактылуу жашоо үчүн айрым эрежелерди тизмектеди.

1

Өз оюңузду жана эмоцияңызды көзөмөлдөөнү үйрөнүңүз

Өз оюңузду жана эмоцияңызды көзөмөлдөөнү үйрөнүңүз. Сизге ырахат тартуулай турган, сизге жага турган нерсеге гана басым жасоого аракет кылыңыз. Көңүлүңүздүн багытын кубанычка, сүйүүгө жана бакубатчылыкка карай буруңуз, ошондо аталган сыпаттар сизде көп болот.

2

Акчаны инвестициялаңыз

Сиздин келечегиңиз үчүн акчаны инвестициялаңыз. Кирешеңиздин жок дегенде 20 пайызын банкка салып катып коюңуз. Коротулган акча көз ирмемчелик гана кубаныч тартуулайт, ал эми инвестицияланган акча дагы да көп каражат алып келээрин унутпаңыз.

3

Телевизордон маанисиз берүүлөрдү көрүүдөн качыңыз

Айланаңызды позитивдүү, максаттуу жана ийгиликтүү кишилер курчап турсун. Пессимисттик мүнөздөгү кишилерден, ар бир күнүнө наалый бергендерден алыс болуңуз. Маанайыңызды түшүрө турган жаман кабарларды укпаганга аракет кылыңыз. Телевизордон маанисиз берүүлөрдү көрүүдөн качыңыз жана пайдасы жок социалдык түйүндө убакытты текке кетирбеңиз.

4

Медитация менен алектениңиз

Медитация менен алектенип, күнүнө жок дегенде 10 мүнөт бөлүп туруңуз. Бул убакытта уюлдук телефонуңузду өчүрүп коюңуз. Ушунда гана сиз өзүңүздүн денеңизди жана интуицияңызды жакшы укканга үйрөнө аласыз. Медитация акылды да машыктырат. Өз оюңузду жана эмоцияңызды башкарганды үйрөнгөн соң, энергияңызды жөнү жок эле корото бербейсиз. Керектүү багытка гана коротосуз.

5

Убакытты баалай билиңиз

Адат болуп калган күнүмдүк жашоодон арылыңыз, дайыма өзүңүз үчүн жаңы нерселерди сынаңыз. Саякаттап, жашоонун ырахатын толук сезгенге аракет кылыңыз. Убакытты баалап, аны бош коротпоңуз. Карыганда эскере турган жакшы окуялар болсун.

6

Таза абада көбүрөөк сейилдеңиз

Таза абада көбүрөөк сейилдеңиз. Жумасына жок дегенде 2-3 жолу жаратылыш койнуна чыкканга аракет кылыңыз. Шаардын ызы-чуусунан алыс жерге барыңыз. Уктаар алдында бөлмөнү сөзсүз желдетиңиз.

7

Туура тамактаныңыз

Туура тамактаныңыз. Зыяндуу тамак аштардан баш тартыңыз, айрыкча фаст-фуд жана газдалган суусундуктардан. Ошондой эле, туздалган, маринаддалган тамак-аштан качыңыз. Жашылча жемиштерди көп пайдаланып, жаңы сыгылган ширеден ичиңиз.

Эң көп окулган жаңылыктар