Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциянын аймагында кечээ өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Өрт тууралуу кабар куткаруу кызматына саат 14:55 чамасында келип түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча оңдоо иштери жүрүп жаткан имараттан өрт чыккан. Ал жерге беш унаа барып, өрттү өчүргөн.
Жабыркагандар жок.