Имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте азанчылардын республикалык мелдеши өтөт. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Мелдеште 27 азанчы ат салышып, өз күчтөрүн сынап көрүшмөкчү.
Жеңүүчү умра сапарына жолдомо ыйгарылса, калган 2 орунга баалуу белек-бечкектер берилмекчи.
Эскерте кетсек, азанчылардын мелдеши Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 2018-жылдын ноябрь айында башталып, 2019-жылдын 27-март күнү облустук тандоо туру өткөн. Бул сынакка жалпысынан миңге чукул азанчы катышып, республикалык мелдешке 27 талапкер жолдомо алган.