Бүгүн улустун улуу күнү Нооруз майрамы Кыргызстандын баардык аймактарында чоң салтанат менен белгиленди. Баш калаанын жасалгаланган борбордук аянты шаар тургундарынан тарта меймандарга катар толду.
24.kg агенттиги Эмен багындагы иш-чарадан айрым көрүнуштөрдү сунуштайт.
Кыргызстандын эстрада ырчылары майрамдык концертте элдин көңүлүн көтөрүп, мекенге арналган ырларын аткарышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ар улуттун өкүлдөрүнө таандык улуттук тамак-аштын түрлөрү коюлду. Кытай, уйгур, түрк, жапон, азербайжан, казак, кыргыз, өзбек жана башка улуттардын тамактарынын даамын сызууга кезек күткөндөр көп болду.
Ар улуттун өкүлдөрү ырдап, бийлеп көңүл ачышты.