Ош шаарындаНооруз күнү сүмөлөк кайнатылат. Бул тууралуу каала мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Кадыр түн» каадасы дагы уюштурулат.
21-март күнү саат 10.00дө шаардын борбордук аянтында «Нарктуу, даңктуу, касиеттүү Ош шаарым, сени менен сыймыктанам ар дайым!» аттуу театралдашкан концерттик программа өтөт.
Андан соң Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап, № 2-балдар музыкалык мектебине чейин кол өнөрчүлөрдүн, улуттук тамак-аштардын жана «Көктөм» (гүл жана жаңы көчөттөрдүн) көргөзмө-жарманкеси, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер болот.
Мындан сырткары, «Алымбек Датка» этнографиялык комплексинде Ош шаарынын мэриясынын «Сулайман-Тоо» № 1 муниципалдык аймактык башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан элдик каада-салт боюнча иш-чара болот.