14:45
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Беш-Күңгөйдө каракчылар айдоочуга от атып, 300 миң долларын тоноп кетишти

Чүй облусуна караштуу Беш-Күнгөй айылында эркек киши октон жаракат алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн түнкү саат 2лер чамасында белгисиз бирөөлөр унаага ок чыгарышкан.

«Унаа жолдон чыгып, тосмону сүзгөн. Жыйынтыгында айдоочу жаракат алган. Алдын ала алынган маалыматка караганда, жабырлануучунун 300 миң долларын уурдап кетишкен, жабырлануучу ооруканага жаткырылды», -деп билдиришти редакцияга.

Ок чыгарган жарандарды издөөгө Чүй ОИИББнын жеке курамы тартылды.

Акыркы маалыматка таянсак, унаада 53 жаштагы айдоочу жана анын 57 жаштагы жубайы болгон. Алардын унаасын Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа келип сүзүп, андан белгисиз 2 жаран түшкөн. Алар тапанча менен коркутуп акчаны алып кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар