Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу окуучуну сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады.
Кырсык бүгүн Ахунбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
«Айдоочу 11 жаштагы бала тыюу салынган жерден өтүп бара жатканда сүзүп алган. Учурда жабырлануучу ооруканада, унаа болсо айып төлөөчү жайга киргизилди», -деп билдиришти башкармалыктан.