Бишкекте Нурлан Мотуевге таандык павильон менен тандыркана алынып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган объекттер шаардагы Москва менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги № 11 мектептин алдына мыйзамсыз орнотулган.
«Мектеп директорунун кайрылуусу менен комиссия түзүлүп, павильон мыйзамсыз негизде орнотулганы аныкталды. Кийин аны алып салуу боюнча чечим чыгарылган», -деп билдиришти мэриядан.