Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине карата бир катар иштер аткарылып жатат. Бул тууралуу шаар мэри Адыл Каниметов билдирди.
Айтымында, мааракеге карата бир айлык марафон жарыяланат. Андан түшкөн каражаттын эсебинен ар кандай курулуштар жүргүзүмөкчү.
«Бул жылы шаардын бюджети былтыркы жылга салыштырмалуу 35 миллион сомго көп, алдыда 120 орундуу бала бакча курулат. Ага жергиликтү бюджеттен 40-50 миллион сом каралат. Мындан тышкары Шапак баатыр көчөсү менен Кыдыр Аке көчөсү оңдолот», -деди шаар башчысы.
Эске салсак, шаардын 150 жылдык мааракеси сентябрда белгиленет.

