03:18
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Чүйдө турак үй толугу менен күйүп кетти

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Дача СУ аймагында аянты 20 чарчы метрге жеткен турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Кошумчалай кетсек, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 11 бөлүм жөнөтүлдү.





Эң көп окулган жаңылыктар