14:43
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Депутат: Түштүк магистралга керексиз карагайларды отургузууну токтоткула

Бишкектин жолдорунун жээктерине карагайларды отургузууну токтотуу керек. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда депутат Айсулуу Мамашева айтып чыкты.

«Түштүк магистралга керексиз карагайларды отургузууну токтоткула. Андан көрө бадал отургузгула. Унаа магистралдын жанында жөө адамдар өтүүчү жол бар, ал жакта жаш балдар ойноп, ис менен дем алып жатат. Жолдун жээги корголушу керек. Карагайлар абадагы жаман нерселерден кишилерди коргогон жок», -деди ал.

«Жашылдандыруу чарбасы» мекемесинин өкүлү Элнура Жолдошева Түштүк магистралга арча бадалдарын отургузуу пландалганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар