01:32
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

«Коопсуз шаар». Айып, камера орнотулган көчөлөр жана башка суроолорго жооп

«Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди. Аны менен бирге айдоочулардын суроолору көбөйдү. Буга байланыштуу долбоордун алкагында айрым маалыматтарды сунуштайбыз.

1

Айып пул боюнча маалымат кантип жеткирилет?

Айып пул боюнча маалыматты «Кыргызпочтасы» ууна ээсинин катталган дарегине жеткирет.

2

Керектүү маалыматтарды кайсы жерден тактоого болот?

Жол эрежеси, айып пул, аны төлөө мөнөөтү жана башка суроолорго жоопту «100» кыска номеринен ала аласыз. Андан сырткары, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтынын«Коопсуз шаар» бөлүмүндө маалыматтар жарыяланып турат.

3

Камера аныктаган эрежелерди кайсы мекеме көзөмөлдөйт?

Жол кыймылынын бузууну «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу мониторинг борбору иштеп чыгат. Ал Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкка карайт.

4

Салынган айыппулдар боюнча маалыматты кайдан текшерсем болот?

uslugi.gov.kg порталында «Жол эрежелерин бузууда салынган айыппулду текшерүү» кошумча барагы бар. Ага ИНН жана унаанын мамлекеттик номурун жазганда, толук маалымат чыгып калат.

5

Кайсы көчөлөргө камера орнотулган?

Жибек Жолу — Жаш Гвардия Бульвары, Жибек Жолу — Фучик, Чүй — Фучик, Чүй — Бейшеналиева, Чүй — Жаш Гвардия Бульвары, Бөкөнбаев — Абдрахманов, Жибек Жолу — Абдрахманов, Чүй — Курманжан Датка, Москова — Абдрахманов, Горький — 7-Апрель.

Эң көп окулган жаңылыктар