07:11
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

Жогорку Кеңеште АКШ менен болгон жаңы келишимди кабыл алууну тездетүү сунушталды

Жогорку Кеңеште АКШ менен болгон жаңы келишимди кабыл алууну тездетүүнү сунушташууда. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча парламенттик комитеттин отурумунда айтты.

Ал билдиргендей, Кыргызстан Ашингтон менен болгон келишимди 2015-жылы жокко чыгарган.

«Көз карандысыздык жылдарында болгону 4-5 өлкө гана бизге гранттык жардам берген, алардын арасында АКШ дагы бар. Биз АКШ менен тиешелүү документтерге кол коюну тездетишибиз керек», -деди ал.

Комитетте Кыргызстандын АКШ, Түштүк Корея, КЭР жана Орусиядагы элчилеринин талапкерлиги каралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар