18:05
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тажикстанда эмчек рагынан жапа чеккендер көбөйүүдө

Медициналык иликтөөлөргө караганда, Тажикстанда эмчек рагы менен ооругандар көбөйүүдө.

Медицина илимдеринин доктору Самеъ Расулов, профессор Заррина Рофиева жана жаш окумуштуу Кошиф Расулов бул маселени 2006-жылдан 2016-жылга чейин иликтешкен. Алар эмчек рагы менен жабыркаган аялдардын саны жыл сайын бир пайызга өсүп жатканын аныкташкан. Эгер 2006-жылы бул илдет менен 229 аял ооруса, 2016-жылы расмий түрдө 467 учур катталган.

Тажикстанда 2016-жылы эмчек рагынан 312 аял көз жумган.

Иликтөөчүлөр Тажикстанда эмчек рагы кеңири таралган онкологиялык оорулардын ичинен жатын рагынан кийин эле экинчи орунда турарын белгилешүүдө. Онкологдор бул илдет жыл сайын жашарып бара жатканына тынчсызданышууда. Эгер мурда эмчек рагы 35 жана андан жогорку курактагы аялдарда учураса, азыркы тапта 25 жаштан өйдөкүлөр бул илдет менен жабыркашууда.

Иликтөөчүлөрдүн айтымында, 2006-2016-жылдары эмчек рагына 4 миңден ашуун аял кабылган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, 2018-жылы эмчек рагынан 627 миң аял каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар