11:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жаңы-жылдык куттуктоо. Мурдакы президенттер элге эмне каалашкан

Кетип бара жаткан эски жылда салттуу түрдө президенттер жыл жыйынтыгын чыгарып, мекендештерине жакшы тилектерин билдиришет. 24.kg агенттиги Кыргызстандын 5 президентинин элге кандай сөз бергенин жана алардын аткарылышы боюнча анализдеп көрдү.

Ишеним менен келечекке


Аскар Акаев жаңы жылдык куттуктоосунда ири саясий окуялар тууралуу айтып жатып 2005-жылдын жазында эмне боло тургандыгын ойлоду бекен?

«Мен келе жаткан жаңы жыл өлкөбүзгө жана калкка экономикалык долбоорлорду алып келет деп терең ишенем. Калктын кирешеси өсүп, ар бирибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүнө ишеним чоң», -деп айткан Аскар Акаев 2004-жылдын 31-декабрында.

Келе жаткан жылы ири саясий окуялар өлкөнүн өнүгүшү үчүн кубаттуу импульс болушун каалайм.

Аскар Акаев
Анын куттуктоосу жакшы тилектерге жана жылуу эскерүүлөргө толгон.

«2004-жыл узап жатат, аны жакшы сөз менен эскерүүгө көп негиз бар. Узап бара жаткан жыл олутту иштер менен эске калат. Экономика сезилээрлик өстү, заманбап жаңы унаа жолдору ачылды, көптөгөн айылдарга суу түтүктөрү киргизилди, жаңы мектептер курулду. Элибиздин турмуш шарты жакшырды. Биздин бул туруктуулукту сактап калышабыз абдан маанилүү», — деген мурунку тунгуч президент.

Ал эми 2005-жылдын 24-мартында Аскар Акаев Кыргызстандан качып кетүүгө мажбур болгон. Аны менен бирге үй-бүлөсү да качкан. 2006-жылы кыргызстандыктарды башка мамлекет башчысы куттуктаган.

Ачуу чындык


Курманбек Бакиев албетте мурунку президентти жемкорлукка айыптоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган жок.

«2005-жыл узап баратат. Бул жыл өзгөчө жыл болду. Калк эмнени кааласа, ошол аткарылды: эски коррупциялык бийлик кулады. Бирок, аталган бийлик аркасына көп көйгөй калтырып кетти. Адилетсиздикти калтырды», — деди Курманбек Бакиев.

Ал баарына белди бекем бууганга убакыт келгенин эскертти.

Бир канча мүнөттөн кийин жаңы жыл кирип келет. Биз аны ачык жүрөгүбүз менен тосуп алабыз, анткени биз кыйынчылыктардан коркпойбуз. Балга чыланган келечек жомоктордо гана болот. Бирок, ошого карабай Кыргызстандын калкы жакшы жашоого укугу бар. Сиздер мага өлкөнүн тагдырын ишенип бердиңиздер, бул ишенимди аткарганга колумдан келгенин жасайм

Курманбек Бакиев
2010-жылы президент калайык калкты жөн гана куттуктады. Экономика кризиске кептелип турган эле. Бийлик ири жетишкендик деп президенттик шайлоону гана айта алышмак. Айтымында, 2010-жылы реформа уланып, ден соолугу чың, билимдүү улут куралышы керек эле.

Элдин нааразычылыгы күчөп Курманбек Бакиев дагы тунгуч президентке окшоп өлкөдөн качууга мажбур болду.

Ыңкылаптын желеги менен

Кыргызстан үчүн эң кыйын жылдардын жыйынтыгын Роза Отунбаева чыгарды.

«7-апрелде калк кандуу кландык режимге каршы чыкты. Биз жаңы Баш мыйзамды кабыл алдык. Башкаруу формасын өзгөрттүк. Өлкө парламенттик демократия жолуна түштү. 19 жыл аралыгында биринчи жолу Жогорку Кеңешке ачык, эркин шайлоо өткөрдүк. Мунун баары баатырлардын жашоо баасы аркылуу келди», — деди Роза Отунбаева.

2011-жылдын акырында мамлекетти башкаруу чылбырын Алмазбек Атамбаев колго алды. Ал жасалган иштер үчүн мамлекет башчы катары эл алдына чыгып жооп берди.

Алмазбек Атамбаев 2005-жылы Курманбек Бакиев сүйлөгөндөй эле сөздөрдү айтты.

«Кыргызстандын эли үмүт жана ишеним менен жакшы жашоого баратат. Жетекчилик бул ишенимди акташы керек. Узап бара жаткан жыл биздин бирдиктүү эл экенибизди көрсөттү», — деди ал.

Алмазбек Атамбаевдин баардык куттуктоолору жыл жыйынтыгын чыгаргандан башка майрам темасында болду.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын элине кыйын эле, ар бир эле үй-бүлө жаңы жылдык майрамда үстү жайнаган дасторконго ээ боло албайт. Жарык жана газ үзгүлтүккө учурап жатат. Бирок, биздин калк талантуу, акылдуу, эркиндикти сүйгөн эл», -деп куттуктады Алмазбек Атамбаев 2013-жылы.

Кийинки жылдары катары менен куттуктаган Алмазбек Атамбаев жакындардын курчоосунда жаңы жылды тосуу бакыт экенин белгилеп, жаңы үмүт жана ишеним менен жылды тосуп жатканын баса белгилеген.

Кайрадан тазалануу

Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болгондон кийин жемкорлук менен күрөшө баштады. Жаңы жылдык куттуктоосунда «Биз таза жана адилеттүү коомду түзүүгө кириштик. Биз өлкөнү жемкорлуктан тазалайбыз. Калктын биримдигин жана бүтүндүгүн камсыздайбыз», -деген.

Ал эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө бел байлап, коңшулар менен болгон салттуу достукту жаңы деңгээлге чыгар турганын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар