23:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Калкты иш менен камсыздандыруу кызматынын тизмегинде 90 миңдей жумушсуз катталды

Кыргызстанда калкты иш менен камсыздандыруу кызматынын тизмегинде 90 миң 800 жумушсуз жаран катталган. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Айтымында, расмий жумушсуз статусун алгандардын саны 70 миң 100 киши.

«Расмий жумушсуздардын деңгээли калктын экономикалык активдүү бөлүгүнүн 2,8 пайызды түздү. Калкты иш менен камсыздандыруу кызматы тарабынан 24 миң 400 даана ваканттык иш орундары билдирилген. Бир бош орунга 19 киши талапкер болгон», -деди министр.

Жыл башынан бери аталган кызматка 147 миң 900 киши кайрылган. Алардын ичинен 24 миң 200 киши ишке орношту. Анын 115и мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума