АКШ аскер контингентинин Сириядан чыгарылышы «Ислам мамлекети» террордук тобу менен күрөшүүгө терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу 20-декабрда Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас билдирди.
Ал Ак үйдүн чечими Германия бийлигин таң калтырганын белгиледи. Герман ТИМ башчысы Сирияда радикалдуу исламисттердин позициясы олуттуу түрдө алсыраганын айтып, бирок бул ийгиликтер эми коркунуч алдында экенин маалымдады.
Буга чейин Франция өкмөтү Сириядагы аскер контингентин чыгарбай турганын жарыялаган. Европалык иштер боюнча министр Натали Луазо Страсбургдагы терактты эске салып, «терроризмге каршы күрөшүү аяктай элек» экенин билдирген.
Вашингтон аскерлерин 60 күндөн 100 күнгө чейинки аралыкта чыгарып кетүүнү пландоодо. Региондо бардыгы болуп эки миңден ашуун америкалык аскер жайгашкан. АКШ президенти Дональд Трамп эл аралык коалиция «Ислам мамлекети» тобун жеңгенин билдирген.
АКШ башында турган эл аралык коалиция Сириядагы радикал исламчыларга каршы күрөштү 2014-жылы баштаган. Коалиция Сириянын демократиялык оппозициясын колдоодо.