Ош—Исфана унаа жолунун 24-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 2 киши каза болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокат районунун 1961-жылы туулган тургуну «Дэу Матиз» унаасын башкарып келе жатып жолдо бузулуп, токтоп турган «Вольво» үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана анын атасы каза болду.