Өкмөт бизнес-акыйкатчы институтунун зарылдыгын белгилейт. Бул боюнча өкмөттүк кеңешмеде айтылды.
Маалыматка караганда, кеңешмеде өкмөт инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүүнү улантууда.
«Учурда бизнести текшерүүгө мораторий жарыялоо жана бизнести тейлөө борборун түзүү маселеси иштелип чыгууда. Үчүнчү маселе — бул бизнес-омбудсмен институтун түзүү. Биз муну бизнестин кызыкчылыгын коргоого алуучу жана алардын көйгөлөрүн көтөрүп чыгуучу, бизнести колдоого алуунун бирден-бир натыйжалуу механизми катары эсептейбиз. Өзгөчө бул көзөмөлдөөчү жана текшерүүчү органдар ортосундагы мамилелерге тийиштүү», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Экономика министри Олег Панкратов белгилегендей, бүгүнкү күндө бизнесте мамлекеттик органдар менен өз-ара алака түзүүдө көптөгөн маселелер жаралууда.
«Кыйынчылыктар көзөмөлдөө функциясын ишке ашырууда гана эмес, уруксаат берүүчү документтерди алууда да пайда болууда. Бизнес киреше алуу үчүн түзүлгөн мамлекеттик ишканалар менен өз-ара аракеттешүүдө көйгөйлөр жаралган учурлар да болот, ал жерде көзкарандысыз түзүмдүн кийлигишүүсүн талап кылган жагдайлар да кездешет», — деди ал. — Бизнестин негизги маселеси катары мамлекеттик органдын кызмат адамдары ишкерлик субьектилер менен өз-ара алака жүргүзүүсүндөгү мыйзамсыз аракеттери, алардын мыйзамдуу укугун жана кызыкчылыктарын бузуусу саналат", — дейт ал.