07:57
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бактыгүл Жээнбаева финансы министри болуп дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгүл Жээнбаева мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бактыгүл Жээнбаевага 101 депутат макул деген добушун берген.

Эске салсак, мурунку министр Адылбек Касымалиев буга чейин кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Бактыгүл Жээнбаева буга чейин Улуттук Банкты жетектеген. Акыркы убакта ал президенттин кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

Эң көп окулган жаңылыктар