Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Газета.uz сайты жазды.
Маалыматка караганда, эстелик жазуучунун атын алып жүргөн көчөгө коюлду.
Мындан тышкары жазуучунун бюсту Ташкент облусуна караштуу Паркент районундагы № 33 мектепке коюлду. Иш-чарага Өзбекстан жазуучулар кеңешинин өкүлдөрү, Көркөм сүрөт академиясынын кызматкерлери жана окуу жайлардын жетекчилери катышты.
Эске салсак, президент Шавкат Мирзиеев Өзбекстанда жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын тизмесин бекиткен.