14:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстан органикалык таза азыктарды гана өндүрүүгө өтөт

Кыргызстан органикалык таза азыктарды гана өндүрүүгө өтөт. Тактап айтканда ГМОсуз, табийгый жер семирткичтер менен өстүрүлгөн азыктарды өндүрүүнү парламент сунуштады.

Төрага Дастанбек Жумабеков тиешелүү тапшырманы өкмөткө жолдоду. Анда 10 жыл аралыгында өлкө аймагында айыл-чарба азыктарын өндүрүү экологиялык жактан таза болушу керек деп көрсөтүлгөн.

Анда ар кандай агрохимикаттарды, уулуу химикаттарды, синтетикалык заттарды, гормондорду, өсүштү тездете турган заттарды, кошумча азыктандыруучу заттарды колдонбоо керек деп айтылат. Тапшырманы аткарууда көзөмөлдү Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитет жүргүзмөкчү.

 
Эң көп окулган жаңылыктар