14:48
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Топчугүл Шайдуллаева: Эсселеримде мээнеткеч аялзаты тууралуу айткым келди

Социология илимдеринин кандидаты, жазуучу Топчугүл Шайдуллаева Кыргызстан эгемендикке ээ болгон өткөөл мезгилде аялдар кыймылында иш алып барган. Анда «Аялдар өнүгүүдө», «Аялдарды колдоо борбору» уюмдарында эмгектенип, ар түрдүү изилдөөлөргө арналган адвокациялык кампанияларга катышкан. Каарманыбыз социология багытындагы кандидаттык ишин да энелер маселесин изилдөөгө арнагандыгын 24.kg агенттигине айтып берди. 

Топчугүл Шайдуллаеванын жеке архивинен алынды
Фото Топчугүл Шайдуллаеванын жеке архивинен алынды

-Жакында эле жаңы китебиңиздин бет ачары болду, жаңы чыгармаңыз тууралуу айтып бересизби?

-Кийинки чыккан китебим «Кызыл өрүк» деп аталат. 2017-жылы «Улуу тоолор» басмаканасынан чыкты. Китеп эсселер, аңгемелер топтомунан жана «Амансыңбы, Айгүл тоо» деген повесттен турат. «Кызыл өрүк» аталышындагы эсселер топтому совет мезгилиндеги колхозчулардын, тактап айтканда колхозчу аялдардын жашоо турмушуна арналган. Карапайым жашоо, күн-түн колхоз ишинде жүргөн, анан кабагым кашым дебей бир этек бала төрөп, аларды да чоңойткон бир керемет апалардын мезгили, мууну өткөн да. Биздин балалык, өспүрүм кез мунун баарын көрүп калдык. Өзүм бир жыргап-куунап жашайын деп ойлоп да койбогон, колхоз ишине берилип иштеп, ыйманынын көптүгүнөн күйөөсүн (дегеле эркек аттуунун баарын) туу тутуп, сыйлап, өзүн экинчи планга коюп, тейлөөчү гана болуп келген бул аялзатынын кадыр-баркын ошол маалда колхоз жетекчилери, күйөөсү билди бекен, маселе ушунда. Мен өзүмдүн эсселеримде ушундай мээнеткеч, күчтүү аялзаты тууралуу айтып, дегим келди. Китепте мындан башка ар кайсы мезгилде жазылган аңгемелер орун алган. Ал эми китептеги «Амансыңбы, Айгүл тоо» повестим заманыбыздын белгилүү кинорежиссору Темир Бирназаровго арналган. 

Топчугүл Шайдуллаеванын жеке архивинен алынды
Фото Топчугүл Шайдуллаеванын жеке архивинен алынды

-Канча жылдан бери чыгармачылыктын үстүндө жүрөсүз? Канча китеп, чыгарма жараттыңыз?

-Чыгармачылыкка мектепте окуп жүргөн мезгилден тартып эле кызыккам. Айылыбыздагы «Кызыл үйдөгү» китептердин баарын калтырбай окуйт элем. Көркөм чыгармаларды абдан жакшы көрчүмүн. Анан калса мектепте адабий ийримдер жигердүү иштейт эле. Алгачкы ырларды, ангемелерди, макалаларды окуучулук куракта жазганмын. Кайсы иште жүрбөйүн, чыгармачылык мени эч качан таштаган эмес, азыр «Кыз бала», «Жан шерик», «Ташка чыккан гүл», «Акылкасас», «Кызыл өрүк», «Всему свое время» китептеринин авторумун. Ушул тапта «Көрүстөндөр курчаган айыл» деген китеп жазып жатам.

— Чыгармаларыңызда кайсы темага көп басым жасайсыз? Эмне үчүн?

Адамдарды боорукерликке, гумандуулукка түрткөн, кайдыгер, таш боор болуудан оолак кылган идеяны бергим келет.

Жашоодо жөнөкөй жүрүп улуу кадамдарды жасаган адамдарды издей берем, бүгүнкү аялзатынын күчтүү образдарын жаратсам дейм. Чыгармаларым аркылуу аялзатына болгон коомдун стереотиптүү мамилесин, пикирин жана көз-карашын өзгөрткүм келет.

-Аккан арыктан суу агат, ата-бабаларыңызда акын-жазуучулар болгонбу?

Апам Таажыгүл табышмактарды, жомок, уламыштарды көп билген, макалдатып сүйлөгөн сөзмөр аял эле. Апамдын агасы Досмат өрөөнгө белгилүү төкмө ырчы болгон. Менин оюмча, чыгармачылык деле ириде башка иштердей адамдан карандай мээнетти, билимди, сабырды жана аракетти талап кылат. Каныңда талант ойноп турса да, иштебесең, өнүктүрбөсөң кайдан чыгарма жаралат эле.

-Гендердик маселеге көп кайрыласыз, кыз-келиндерге карата кеп-кеңеш сурап кайрылгандар болобу? Негизи эле чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз?

Кыз-келиндерге арналган агартуучулук багыттагы «Тунук» деген газетаны 1997-жылдан 2004-жылга чейин чыгардым. Социология багытындагы кандидаттык ишимди да энелер маселесин изилдөөгө арнадым. Өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында социология боюнча лекцияларды окудум. Бүгүнкү күндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунда эксперт катары иштеп жатам. 

Топчугүл Шайдуллаеванын жеке архивинен алынды
Фото Топчугүл Шайдуллаеванын жеке архивинен алынды

-Азыркы убакта улуттук адабияттын абалы кандай?

Улуттук адабият бүгүн жаңы нукта өнүгүп жатат деп айтсак болот. Эгемендикке жетишүү ириде калемгерлерге тема тандоодо, дегеле чыгарма жаратууда эңсеген эркиндикти берди. Союз учурундагыдай тескеген цензура жок. Акын, жазуучулар, китептер көбөйдү, ар кимибиз каалаганыбызды жазып жатабыз. Экономикалык кризис, жашоо-тиричиликтеги кыйчалыштар да бул агымды токтото алган жок. Бул да болсо биздин элибиздин чыгармачыл мүнөзүн, табиятын айгинелеп турат. Албетте, мындай учурда окурмандын көркөм табити, кайсы чыгарманы окуу керек, кайсынысын кыйгап өтүү керек, дегеле заманбап адабияттын татыктуу өнүгүүсү деген маселе да турат. Биздин чыгармалардын чет тилдерге которулушу, жайылышы, агын ак, көгүн көк деп таразалап, иргеп окурманга сунуп турган сын жанрынын күргүштөп чыгып жаткан китептер, чыгармалар менен тең катар өнүгүүсү сыяктуу олуттуу маселелер мамлекеттин камкордугусуз чечилүүсү кыйын.

-Сиздин жолуңузду жолдой турган уул-кыздарыңыз барбы? Дегеним чыгармачылыкты уланта тургандар барбы?

-Менин эки уул, бир кызым бар. Үчөө тең турмуш жолунда өздөрүнүн кесибин тандап алышкан. Алардын туу туткан баалуулуктары, көз-караштары, бардык жаштардай эле, жаңыча. Менин чыгармачылык жолумду улантып кетишпесе да, тандап алган өз жолдорунда татыктуу иштеп, аман-эсен болушса болду.

Топчугүл Шайдуллаева

Эң көп окулган жаңылыктар