10:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто үч тонна пахта күйүп кетти

Ош облусунда пахта тазалоочу ишкананын кампасында жыйналып турган үч тонна пахта күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя жумага караган түнү Тепе-Коргон айылында болгон.

Адистер өрттүн чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгонун айтууда.

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда жалпысынан 17 өрт кырсыгы катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума