03:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Элдешүү. Чаткалда чатактан кийин милиция менен эл спортто күч сынашты

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын спорт залында «Ынтымак достук биримдик» аталышта спорттун волейбол түрүнөн мелдеш болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Байге фонду 20 миң сомду түзүп, жалпы 5 команда катышты.

Жыйынтыгында ИИМдин Атайын багыттагы полку баш байгени алып, айыл тургундары 2-3-орунду ээлешти.

Милициянын билдирүүсүндө бүгүн Терек-Сай аймагында коомдук саясий абал тынч.

Эскерте кетсек, аталган айылдагы алтын иштеткен компаниянын аймагында милиция кызматкерлери менен жергиликтүү калк ортосунда мушташуу болгон. 3-декабрь мушташка катышкан 14 тургун камоого алынган. Айылдыктар митинге чыгып, кармалгандардын бошотулушун талап кылышкан. Ал эми алтын иштетүүчү ишкана убактылуу жабылды. Кармалгандар соттун чечими менен эки айга камоого алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар