Баку шаарындагы аэропортто бажы кызматынын мурдакы төрагасы Адамкул Жунусов кармалды. Бул тууралуу Report маалымат агенттиги билдирди. Маалыматты Кыргызстандын Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы ырастады.
Адамкул Жунусовго 28-августта издөө жарыяланган. Ал «кызматтык абалына кыянаттык кылуу» беренеси менен айыпталууда.
Адамкул Жунусов жакынкы күндөрү Кыргызстанга алып келинет.