«Кереги жок», «Сүйүү жазы», «Телефон чалып тур» аттуу ырлары менен эл оозуна алынган ырчы Кыздаркан Келдибекованын сахнада жүргөнүнө 7 жыл толду. Бул жылдар аралыгында анын аткаруусундагы кыркка жакын ыр жаңырып келет. Ырчы 24.kg агенттигине чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.
— Ысымыңыз сейрек кездешет, алгачкы эле суроо, атыңызды ким койгон?
— Атымды Кыздаркан деп ыраматылык атам койгон, атам убагында бир дарыгер айымды жактырып калып, кызым дагы ушул дарыгердей чачы узун, сулуу болсун деп ырымдап койгон экен. Бирок, мен дарыгер болбой, ырчылык кесипти аркалап келем. Үй-бүлөдө 5 кыз 2 уулбуз. Апам гана атымды толук айтып чакырат, калган бир туугандарым жана тааныштарым Кызы же Кызыш деп эркелетип аташат.
— Жалгыз иштегенге караганда 2 баш жакшы деп коюшат, продюсер менен иштешесизби?
-Чынын айтсам жалгыз эле иштеп келем, эч кандай продюсер, менеджерсиз эле эл оозуна алындым. Эфирден кетирип бериңиздер деп радио жана телевидениеге чыгармаларымды алып барып жүрөм. Мисалы, мен 1 ыр жаздырсам 300 долларга аранжировка жасатып, 5000 сомго үн жаздырам.
Бирок, кандайдыр бир себептерден улам, айрым радиолор ырларымды чыгарбай, эмгегим акталбай калган учурлар дагы болот.
— Азыр маданият өкүлдөрүнүн көпчүлүгү тасмага тартылып жүрүшөт, сизге сунуштар түшүп жатабы?
— Чынында тасмага тартыл денеген сунуш жок, жакшы роль келсе аткарганга даярмын. Ош ТВ, Ынтымак каналдары жыл сайын жаңы жылдык жомок тартышат. Анда мен бакшынын ролун ийине жеткире аткаргам.
-Кайсы ырчылар менен дуэт ырдоону каалайт элеңиз? Эмне үчүн?
Эгерде ошондой мүмкүнчүлүк болуп калса Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков менен дуэт ырдамакмын. Алардын ырлары жана аткаруучулук чеберчилиги абдан чагат.
Негизи баардык ырчылар менен мамилем жакшы.
-Маданият өкүлү катары сизди коомдо өкүндүргөн көрүнүштөрдү айтып берсеңиз?
-Азыр маданият тармагында алдамчылар көбөйдү. Ырчылар ыр жаздырып, клип тартып мээнет кылабыз. Бирок, башканын эмгеги, үнү менен акча тапкан ырчылар пайда болду. Уят, бирөөнүн нанын талашып жегендер. Маданият министрлигине мындай алдамчыларга карата чара көрсүн деп кайрылмакмын.
-Жашыңыз 31ге келип калыптыр, турмушка чык деп кулагыңыздын кужурун алгандар барбы?
-Мен турмушка чыга элек таза бойдокмун, шоу чөйрөдө жүрө берип жеке жашоомду унутуп калдым десем болот. Буюрса алдыда турмушка чыгып, жакшы жигиттин келинчеги болом деген ниеттер бар.
Жакындарым турмушка чык деп айтышчу, акыркы күндөрү унчукпай да калышты. Көздүү мончок жерде калбай дейт, маңдайга жазганы тургандыр. Мага негизинен сөзүнө бекем турган, аял кишини сыйлаган, мекенчил жигиттер жагат. Өзүм тууралуу айтсам, ачык мүнөз, шайырмын. Бетке айткандыктан көп адамга жаман көрүнүп алам, жашоодо жөнөкөй кызмын.
Кыздаркан Келдибекова