13:40
USD 87.45
EUR 91.15
RUB 0.88

Жалал-Абадда бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысынын бети ачылды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы баалуу түркүмдөгү бак-дарактарды кыюу фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда баалуу түркүмдөгү дарактарды ташып бара жаткан «МАН» үлгүсүндөгү жүк унаасы токтотулган. Анда жаңгак устуну менен кесилген тактай жүктөлгөн.

Мыйзамга ылайык, өтө баалуу түркүмдөгү бактарды кыюу, ташуу, сатып алуу, сатуу, буюм жасоо жана эскпортоого 2030-жылга чейин мораторий жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-январь, бейшемби