22:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Азия Микс» командасынын башчысы Элдияр Кененсаров жубайы менен ажырашты

«Азия Микс» КВН командасынын башчысы Элдияр Кененсаров жубайы Абдил Камила Онайбек кызы менен эки ажырым жолго түштү. Бул тууралуу Super.kg Элдияр Кененсаровдун жубайына шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, Абдил Камила Онайбек кызы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. 

«Жолдошум менен ажырашуу тууралуу чечимди бир жыл мурун кабыл алгам. Анткени эң жакын адамымдын колдоосун көрө алган жокмун. Бардык ишти өзүм бүтүрчүмүн. Кош бойлуу кезимде, толгоом башталган кезде сүйгөн адамым өзүнүн «маанилүү» иштерин бүтүрүп жүрдү. Уулубуздун төрөлгөнүнө 1 ай болгондо көргөн. Ортодо уруш-талаш деле болгон жок. Ошол учурда жолдошум чыгармачылыкка аябай берилип иштеп жаткан эле. Мен ага тоскоолдук жаратпайын деп кичинекей балдарым менен үй-бүлөдөгү маселелерди жалгыз чечип, ал тургай, жолдошумдун долбоорлоруна жардам берип жүрдүм. Канча жер котордук, көчүп-конуп жашадык. Баарына чыдадым. Бирок сүйүктүү адамым тууралуу бир чындыкты угуп аябай капа болдум. Анысына макул деп, бир мүмкүнчүлүк бердим. 2 жыл аралыгында ортобуздагы сый-урмат калыбына келер деп аракет кылдым. Муну бир тараптуу чечим деп кабыл алууга болбойт. Анткени ушунча кыйынчылыктардан кийин жолдошума ажырашалы дегенимде ал дагы макулдугун берди. Экөөбүз тынчтык жолу менен эки башка жолго түштүк.

Мен балдарымдын алдында атасын жаман көрсөтпөө үчүн психология илимин окуй баштадым. Аларга үй-бүлөнү сактай албаганыбыз менен, алардын келечеги үчүн баарын жасап берүүгө даяр экенибизди түшүндүрдүм. Балдарым туура кабыл алды. Учурда балдарым мени менен чогуу турушат.

Ал эми Элдияр менен достук мамилени сактап калдык. Айрым учурда анын чыгармачылыктагы долбоорлоруна жардам көрсөтүп келем. Мисалы, алгачкы клибин тартууда мен режиссёрлук кылгам. Бул пост аркылуу өзүмдүн үй-бүлөлүк абалымды билдиргим келген жок. Болгону ар ким өзүнүн жакшы жашоосу үчүн өзү чечим кабыл алышы керектигин айткым келди», — деген ал өз билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Элдияр Кененсаров менен Абдил Камила 2009-жылы баш кошушкан. Ортодо бир кыз, бир уулу бар. Абдил Камила Кененсаровдон 2 жашка улуу.

Эң көп окулган жаңылыктар