USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Ташкенттен Шымкентке чейин акы төлөнүүчү жол куруу пландалууда

08:33, 22 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Ташкент мэриясы кытайлык China Railway 14th Bureau Group Co Ltd компаниясы менен Казакстандын Шымкент шаарына чейин акы төлөнүүчү жол куруу маселесин талкуулады.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, мындан тышкары акы төлөнүүчү жол Ташкенттен Өзбекстандын Чимган аймагына чейин да курулушу мүмкүн.

Жолугушуу маалында тараптар ошондой эле курулуш тармагына адистерди даярдоо боюнча окутуу курстарын ачуу демилгесин карашты. Жыйынтыгында кытай ыкмасы боюнча окутуу үчүн базалык аянтча катары төрт кесиптик колледж тандалып алынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18