09:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ихтияр Абжалиев президентке сөз тийгизгиси келбей Мегакомдон кетти

Президенттин кудасы жана Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев «Альфа Телеком» ЖАКтын логистика бөлүмүнүн жетекчиси болуп бир күн иштеп кызматтан кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ихтияр Абжалиев ЖМКда тараган маалыматтан кийин кызматтан өз эрки менен кетүүгө арызын жазган. 

Ал— Бажы кызматынын полковниги. Анын экономикалык билими бар. Компаниядан билдиришкендей, жаңы дайындалган жетекчи тандоо турдан ийгиликтүү өткөн.

Алиярбек Абжалиев Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу президенттин жалгыз кызы Бактыгүлгө үйлөнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар