04:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандык баланын ысымы Макгрегордун урматына аталды

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн баланын ысымын мушкер Конор Макгрегордун урматына аташты. Бул маалыматты Кактус.медиа редакциясына Мамлекеттик каттоо кызматы тастыкташты.

Маалыматка ылайык, социалдык түйүндөрдө Макгрегор Алибеков аттуу жаш баланын паспортунун сүрөтү жарыяланган. Баланын атын мушкердин фамилиясы менен Макгрегор деп аташкан.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, Макгрегор ысымы Кыргызстанда алгачкы жолу катталды. Ведомство бала тууралуу кеңири маалымат берүүдөн баш тартты. Документте жазылгандай бала Орусияда төрөлгөн.
 

Мындан тышкары мамлекеттик кызмат Кыргызстанда Хабиб аттуу ысымдардын көбөйгөнүн ырастады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума