19:50
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт

Баткен облусунда каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон аткаминердин артында 4 баласы калды. «Республикада прокуратура органдарында 800дөн ашуун киши эмгектенет. Алар каза болгон кесиптешинин үй-бүөсүнө 1000 сомдон акча которушат. Окуя болгон жерге башкы прокурор чыгып кетти. Анарбай Мамажакыпов бүгүн жерге берилет», —деди басма сөз кызматы.

Анарбай Мамажакыпов 43 жашта болчу. Ал Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда туулган.

Эң көп окулган жаңылыктар